Биз социалдык тармакта

Ошто балык уулоо эрежелерин бузган беш жаран аныкталды (видео)

Бүгүн, 12-октябрда Ош облусунун Араван жана Ноокат райондорундагы рейд учурунда балык уулоо эрежелерин бузган беш жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, мыйзам бузгандарга карата беш административдик протокол түзүлдү. Рейд учурунда тургундарга аңчылык жана балык уулоо эрежелери түшүндүрүлдү.

Министрлик жаратылыш ресурстарын коргоо жана мыйзам талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө иштери улантыларын белгиледи.

Ошто балык уулоо эрежелерин бузган беш жаран аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан