Жогорку Кеңештин депутаты Мавлюда Калбердиева айылдагы спортту өнүктүрүү максатында айыл өкмөттөргө бирден автобус сатып берүүнү сунуштады. Мындай сунушун эл өкүлү 12-октябрда парламенттин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында билдирди.
"Азыр балдарды спортко үндөп жатабыз, бул өтө жакшы. Бюджеттен айыл өкмөттөргө бирден автобус жана кичи автобус карап берсеңиздер. Кайсы бир жерлерге барабыз десе, жалдаганга туура келет. Айыл өкмөттөрдүн көбү азыр дотацияда",- деди депутат.
Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Урмат Асанбаев бул сунушту келерки жылы өкмөткө сунуштап көрөрүн айтты.
"Быйыл ар облустагы мекемелерге бирден унаа алып берип жатабыз. Келерки жылы кичи автобустарга сунуш беребиз",- деди ал.