Кечээ, 11-октябрда Пакистан бийлиги мурдагы премьер-министр Имран Хандын тарапташтары нааразычылык акцияларын өткөрүп жаткан Хайбер-Пахтунхва провинциясында өзгөчө кырдаал киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, 4-октябрда Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хандын тарапташтары аны абактан бошотууну талап кылып, Исламабадды көздөй жүрүш баштаган. Буга байланыштуу федералдык өкмөт чукул жыйын өткөрүп, провинцияда өзгөчө кырдаал киргизүү чечимин кабыл алды. Бийлик провинциянын бийлигин терроризмге каршы күрөшкө жетиштүү деңгээлде катышпай жатат деп айыптады.
Эске салсак, Имран Хан 2018-2022-жылдары Пакистандын премьер-министри болгон. Ал 2023-жылдын августунан бери камакта.