
Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Т.А. аттуу жаран А.А. аттуу күрөөкана ээсинин ишенимине кирип, 7 унааны күрөөгө коюу аркылуу жалпы 249 миң доллар алган. Сумманы толугу менен алгандан кийин шектүү күрөөдө турган унааларды ар кандай шылтоолор менен кайра алып кетип, байланышка чыкпай калган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 37 жаштагы жаран кармалды.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жарандарды төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлоого чакырат: 0(502) 06-06-93 же 102.