Биз социалдык тармакта

Чүйдө 110 миллион сомдук заманбап муздаткыч комплекси ишке берилди 

Чүй облусунун Беловодское айылында "Клубмалина" ЖЧКсынын заманбап муздаткыч комплекси ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы наркы 110 миллион сомду түзөт. Комплекстин аянты 1500 чарчы метрге жакын. Анын ишке кириши менен 20дан ашык жумуш орду түзүлдү.

Министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев долбоор айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, экспорттук дараметти жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан