АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ортосундагы жаңжал 2025-жылдан берки эң олуттуу деңгээлге жетти. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Вашингтон менен Киевдин ортосундагы мамиленин курчушуна жума күнү Трамптын Орусиядан дизель майын жеткирүү боюнча макулдашууга жетишилгени тууралуу билдирүүсү түрткү болгон.
Андан соң жекшемби күнү Трамп Зеленский Украинада президенттик шайлоо өткөрүшү керектигин айтып, аны дүйнөдөгү көйгөйлөрдү жаратып жатат деп айыптаган.
The Guardian басылмасынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы бул ачык талаш 2025-жылы Ак үйдө болгон кайым айтышуудан берки эң олуттуу жаңжал болуп калды.
Эске салсак, 2025-жылдын 28-февралында Зеленский Украинанын жер казынасын биргелешип иштетүү боюнча келишимге кол коюу үчүн Ак үйгө барганда, Трамп аны сынга алган.