Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык дизайнер Айпери Обозова дүйнөлүк мода үйүндө (видео)

Кыргызстандык дизайнер Айпери Обозова Париж шаарында өткөн Париж мода жумалыгына катышты. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди. Кыргыздын мурасын заманбап стиль менен айкалыштырган кийимдерди "Париж мода жумалыгы 2026" көргөзмөсүнө алып барган.

Анын тиккен кийимдери чет элдиктерге жагып, көргөзмө бүткөндөн кийин бардык кийимдер сатылып кеткен.

Бул ийгилик дизайнердин жеке жетишкендиги гана эмес, кыргыз улуттук модасын дүйнөлүк аренада таанытуудагы маанилүү кадам болду. Өз эмгектерин буга чейин 15тен ашык өлкөдө көрсөткөн Айпери Обозова кыргыз маданиятын жана уникалдуу көркөм мурасын заманбап мода аркылуу дүйнөгө таанытууну ишенимдүү улантууда.

Кыргызстандык дизайнер Айпери Обозова дүйнөлүк мода үйүндө 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан