Биз социалдык тармакта

Казакстанда жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда таркатылды 

Бүгүн, 12-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бардык деңгээлдеги жергиликтүү кеңештерди (маслихаттарды) мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазышты.

Жарлыкка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруп, өткөрүү боюнча чараларды көрүшү керек.

Белгилей кетсек, буга чейин 24-сентябрда Токаев жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу ниетин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан