Баткен облусунун аймагында Тажикстанга чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды аткезчилик жол менен туруктуу өткөрүп жүргөндөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр малды өткөрүү үчүн чек арадагы тосмолорду бузуп, кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында кызмат адамына пара берүүгө аракет кылышкан.
Учурда тергөө иштери уланууда.