Биз социалдык тармакта

Чүйдө 18 курулуш объектиси текшерилип, 1 миллион сом айып пул салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы үч айыл аймакта жайгашкан 18 курулуш объектисине инвентаризация жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, жалпы 1 миллион сом айып пул салынды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүү Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айыл аймактарында жүргүзүлдү.

Анда кум-шагыл аралашмасын казып алуу жана иштетүүчү объектилер, бетон аралаштыргыч, майдалоо-сорттоо орнотмолору, эритме-бетон түйүндөрү жана кирпич заводу текшерилди.

Жалпы 18 объекттин жетөө мыйзамдуу негизде иш жүргүзүп жатканы аныкталды. Калган объектилерде шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышы, ошондой эле долбоордук жана уруксат берүүчү документтердин болушу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар табылды.

Мындан тышкары, «Сэнд», «Авира Групп», «Масер Микс», «Вайлер Строй» жана «Жагалман» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ишмердүүлүгү да каралды.

Министрликтин маалыматына караганда, калган объектилер боюнча текшерүү иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан