Биз социалдык тармакта

Манаста тазалык кызматкерлеринин нааразычылыгы боюнча текшерүү башталды

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов айлык акы маселесине байланыштуу нааразычылыгын билдирген «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кызматкерлердин жетекчиликке карата дооматтарын кароо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынары белгиленди.

Шаар мэри комиссиянын жыйынтыгы чыкканга чейин кызматкерлерди өз милдеттерин үзгүлтүксүз аткарууга жана шаардын тазалыгын камсыз кылууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан