Эркин Алымбеков: “Депутаттардын жардамчысын сынак аркылуу гана кызматка алуу демилгесин колдойм”

“Чиновниктердин жардамчы, кеңешчилерин сынак аркылуу гана жумушка алуу демилгесин колдойм”,- деп билдирди депутат Эркин Алымбеков бүгүн, 4-февралда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында. Жыйында депутат Курмантай Абдиев сунуштаган мыйзам долбоор каралды.

“Министрлердин бири бир айда 3 жолу жардамчысын алмаштырыптыр. Жардамчылары бир аптадан гана иштешкен. Тийиштүү буйруктар менен алар башка кызматтарга орношкон. Ушундай туура эмес иштерге жол бербеш үчүн бул мыйзам долбоору сунушталууда”,- деди Абдиев.

Комитет мүчөлөрү сунуш, пикирлерди эске алуу менен аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан