Биз социалдык тармакта

АКШ Конгрессинин спикери Иран менен жаңжалдын чечилишине баа берди

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон Иран менен жаңжал ноябрдагы аралык шайлоого чейин жөнгө салынышы күмөн экенин билдирди. Бул тууралуу ал CBS телеканалына берген маегинде айтты.

Жонсондун айтымында, шайлоого чейин 24 күн калгандыктан, жаңжалды жакынкы апталарда жөнгө салуу оңой болбойт.

Ошол эле учурда ал АКШнын администрациясы кырдаалды жөнгө салуу боюнча күн сайын иш алып барып жатканын белгиледи. Ошондой эле Ормуз кысыгына байланышкан маселени чечүү жакындашы мүмкүн экенин кошумчалады.

Эске салсак, АКШ менен Израил 28-февралда Ирандагы объектилерге сокку ура баштаган. Буга жооп катары Иран да соккуларды жасаган. Июнь айынын ортосунда Тегеран менен Вашингтон согуштук аракеттерди токтотуу боюнча меморандумга кол коюшкан, бирок кийин тараптар кайрадан бири-бирине сокку урушкан. Учурда жаңжал толук жөнгө салына элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан