Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр талкууланды

Жогорку Кеңеште салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик угуу өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген. Анын негизги максаты - салык мыйзамдарын өркүндөтүү жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Долбоордо 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин тигүү жана текстиль өндүрүшү менен алектенген, ошондой эле электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткан субъекттерди бирдиктүү салыктан жана отчет берүүдөн бошотуу сунушталууда.

Мындан тышкары, гипс казып алуу үчүн роялтинин ставкасын 6 пайыздан 3 пайызга, каптоочу табигый таш үчүн 12 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөтүү каралган.

Ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздардан түшкөн кирешелерди пайда салыгынан жана киреше салыгынан бошотуу, айрым салык төлөөчүлөрдү салык жоопкерчилигинен бошотуу боюнча сунуштар камтылган.

Парламенттик угууда депутаттар тигүү тармагына жеңилдик берүү, аялдардын ишкердигин колдоо жана базарларда салык чогултуу маселелерин да көтөрүштү.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 2026-жылдын 1-октябрында биринчи окууда кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан