
"Кызмат" мамлекеттик мекемесинин директору болуп
Нургазы Атканов дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини эмгек жамаатка 12-октябрда президенттин иш башкаруучсу Каныбек Туманбаев тааныштырды.
Буга чейин бул кызматты Азамат Жапаров жетектеп келген. Ал башка кызматка дайындалгандыгына байланыштуу иштен бошотулду.