Биз социалдык тармакта

БУУ өтө жакырчылыкта жашаган адамдардын саны көбөйгөнүн билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын маалыматына ылайык, өтө жакырчылыкта жашаган адамдардын саны 2010-жылдан бери биринчи жолу өсүп, 1,2 миллиардга жетти.

"Бул мурунку жаңыртууга салыштырмалуу 51,5 миллион адамга көп. Индекс 2010-жылы эсептеле баштагандан бери мындай өсүш биринчи жолу катталды",- деп айтылат билдирүүдө.

Көп өлчөмдүү жакырчылыкта жашаган адамдардын жарымынан көбүн балдар түзөт. Алардын саны 617 миллионго жетет. Ошондой эле жакырчылыкта жашаган адамдардын 83 пайызы айыл жергесинде жашайт.

Маалыматта белгиленгендей, көп өлчөмдүү жакырчылык индекси калктын киреше деңгээлин гана эмес, адамдардын күнүмдүк жашоосунда туш болгон кыйынчылыктарын да эске алат. Атап айтканда, билим алууга, медициналык жардамга, таза сууга жана электр энергиясына жетүүнүн чектелиши эсепке алынат.

2026-жылдагы изилдөөдө өнүгүп келе жаткан 108 өлкөнүн маалыматы камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан