Кечээ, 12-октябрда камактагы ишкер Имамидин Ташовдун апасы Кадамжайда президент Садыр Жапаровго өз көйгөйүн айтып, баласынын ишине жардам берүүнү суранды. Анын айтымында, баласына жалган жалаа жабылып, күнөөсүз абакта отурат. Ошондой эле "KG Group" курулуш компаниясынан дагы батир алгандардын курулуштарын бүтүрүп бериши керектигин кошумчалады.
Өлкө башчысы бул иштен кабардар экенин айтып, соттордун ишине кийлигише албастыгын билдирди.
"Уулуңуз боюнча маалыматтарды билем. Аны эч ким тузакка түшүргөн эмес. Өзү 450 миң долларлык батирлерди криминалдарга тараткан. Ал убакта Көлбаев тирүү болсо керек эле. Ошонун балдарына, өзүнө берген. "Алгыла (ред.: батир), чыгып бергиле" деп. Андан башка акча чачып төңкөрүш кылабыз деген. Үйлөрдүн акчасын алып, шайлоого иштетип жиберген. Үй салып бере албай калган. Аны да мен териштиргем. Элдерди зарлатпагыла деп Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевди жиберип, элдин маселелесин чечип бергенбиз. Дагы маселе бар болсо карап көрөйүн. Жардам берейин. Ал эми уулуңуз боюнча сотторго бир нерсе дей албайм. Соттордун өкүмү күчүнө кирсе, мага кайрылыңыз. Мен ырайым гана бере алам",- деди өлкө башчысы.
Андан ары сөзүн улаган энеге Садыр Жапаров баласынын күнөөсү 100 пайыз далилденгенин айтып, ушак айтып жатпаганын белгиледи.
"Күнөөсү жок деп баарыбыз айта беребиз да, ал жакта 100 пайыз далилденип турат. Мен өз көзүм менен көрүп, кулагам менен укканды айтып жатам. Бирөөнүн ушагын айтып жаткан жокумун. Ал (ред.: Имамидин Ташов) качып Алматыга чыгып кетип, түнү менен чек араны бузуп өтүп, "эртең төңкөрүш кылабыз" деп жатканда түңкү саат 12де кармалган. Билем, апа, анын баарын. Элдин алдында антип актана бербеңиз",- деп жыйынтыктады өз сөзүн мамлекет башчысы.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын июль айында Биринчи Май райондук соту Имамидин Ташовду мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан. 2026-жылдын июль айында Бишкек шаардык соту мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып боюнча аны актап, жаза мөөнөтүн 8 жылга чейин кыскарткан.