"Манас шаарынын мэриясынын "Тазалык" муниципалдык мекемесинин жумушчулары иш ташташты" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул боюнча калаа бийлиги 13-октябрда билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, нааразычылык билдирген жумушчуларды шаар мэри Уларбек Исмаилов 12-октябрда кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту.
Мэрдин тапшырмасы менен жумушчулардын кайрылууларын карап чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлүп, учурда комиссия алардын дооматтарын жеринде иликтеп жатат.
Айта кетсек, Region телеканалы 12-октябрда "Тазалыктын" кызматкерлери айлык акыга байланыштуу маселелерден улам иш ташташканын кабарлаган.