Бокс боюнча жарым оор салмактагы дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол британиялык Каллум Смит менен беттешет. Алардын беттеши 12- декабрда Орусиянын Екатеринбург шаарында өтө турганын уюштуруучулар билдиришти.
Бивол Дүйнөлүк бокс ассоциациясы (WBA), Дүйнөлүк бокс уюму (WBO), Эл аралык бокс федерациясы (IBF) тарабынан уюштурулган беттештеринде алган титулдарын коргойт. Смит болсо WBO версиясы боюнча убактылуу дүйнө чемпиону болуп саналат.
Мушкерлер буга чейин 2012-жылдын февралында бокс сүйүүчүлөр арасындагы мелдеште кездешип, ал Биволдун жеңиши менен жыйынтыкталган.
Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол 12 жашына чейин Токмокто жашап, бокстагы алгачкы кадамдарын Кыргызстанда баштаган.