Бүгүн, 13-октябрда, Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада мамлекеттик органдардын арасындагы спартакиаданын ачылыш аземи өттү.
Маалыматка ылайык, иш-чара президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу, мамлекеттик кызматкерлер арасында сергек жашоо образын калыптандыруу жана спортту жайылтуу максатында уюштурулду.
Ачылыш аземине Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты. Ал спартакиада көп жылдан бери өткөрүлбөй келгенин белгилеп, мындан ары жыл сайын уюштурулуп турарын айтты.
Мелдештер 19-октябрга чейин уланат. Катышуучулар волейбол, футзал, тогуз коргоол, шахмат жана стол тенниси боюнча күч сынашат.
Спартакиада эки тайпада өткөрүлөт. Биринчи тайпага күч түзүмдөрү, анын ичинде укук коргоо жана аскердик органдар кирсе, экинчи тайпада министрликтер жана башка мамлекеттик органдар мелдешет.