Биз социалдык тармакта

Караколдо май куюучу жайга 23 миң сом айып пул салынды

Каракол шаарындагы май куюучу жайдын реконструкция иштеринде мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Карасаев көчөсү, 137Б дарегиндеги объектте резервуарды алмаштыруу жана капиталдык оңдоо иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында «Реал Петролеум» ЖЧКсына 23 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазма буйрук берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан