Биз социалдык тармакта

Бишкекте аутизм, шал менен ооруган балдар үчүн спорт борбору ачылды

Бишкекте "Дарика" балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматта ачылыш аземи 10-октябрда өткөнү айтылат. Жаңы борбор аутизм, балдардын шал оорусу, даун синдрому жана өнүгүүсүнүн башка өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт менен машыгуусуна, ден соолугун чыңдоосуна жана физикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүсүнө шарт түзүү максатында иш алып барат.
Борбордун ишин уюштуруу үчүн Түркиядан спорт, реабилитация жана өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен иштөө жаатында 24 жылдан ашык кесиптик тажрыйбасы бар эл аралык адис чакырылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан