Жогорку Соттун мурдагы басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин кызматтан бошотулушунда эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Муну бүгүн, 4-февралда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында Жогорку Соттун өкүлү билдирди. Айтымында, Б.Рысалиевдин “ооруп, ишке чыкпай жүргөндө иштен айдалдым” деген дооматы негизсиз. Буйрук чыккан учурда ал иште болгон.
Комитеттин төрагасы Эркин Алымбеков Жогорку Соттун ишин сынга алды. “Интрига, келишпестиктер болсо, аны коомчулукка чыгарбашыңар керек эле. Адилеттүүлүктүн туу чокусу катары эсептелген силерде ушундай иштер болуп жатса, башка жактан эмнени күтүүгө болот? Иштей албаса, өзүнүн жол-жобосу менен иштен алсаңар болмок. Кызматкердин 5 жыл мурунку кемчилигин айтып иштен алышыңар жаш баланын иши”,- деди Алымбеков Жогорку Соттун өкүлүнө.
Эскерте кетсек, Бактыбек Рысалиев иштен мыйзамсыз айдалганын айтып, Жогорку Соттун жетекчилиги менен соттошууда. 2 инстанцияда утулуп, иш Жогорку Сотто 12-февралда карала турганы айтылды.