Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев аны көптөн бери белгисиз адамдар аңдып жүрүшкөнүн билдирип, кечээ, 13-октябрда социалдык тармактагы баракчасына видео киргизди.
"Менин артымдан көптөн бери аңдып жүрүшөт. Жалал-Абадга чейин төрт унаа, Нарынга барсак да кошо артымдан калышпайт. Бул видеону кошуна иним жиберди. Силер да көрүп коюңуздар. Ушинтип эле жүрүшөт аңдышып",- деп билдирүү калтырды саясатчы бөлүшкөн видеосунун алдына.
Айта кетсек, Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого талапкерлигин коё тургандыгын кыйыткан.