Биз социалдык тармакта

Уланбек Рыскулов Мамлекеттик геология агенттигинин башчысынын орун басары болуп дайындалды

Уланбек Рыскулов КРнын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн тиешелүү буйрукка КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.

"У.Рыскулов буга чейин Геология мамлекеттик агенттигинин маалымат ресурстарынын башкармалыгынын жетекчиси кызматында иштеп келген. Ал Акылбек Маралбековдун ордуна мекеменин башчысынын орун басары болуп дайындалды",- деп маалымдайт басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан