Ала-Арча жаратылыш паркында сүлөөсүндүн баласы байкалды. Бул тууралуу кечээ, 13-октябрда социалдык тармактарда видео тарады.
Видеонун автору жаныбарды мышык деп ойлоп, аны сылагысы келгенин тамаша иретинде жазган.
Белгилей кетсек, сүлөөсүн - мышыктар тукумуна кирген жапайы жаныбар. Ал кулактарынын учундагы кылдары жана кыска куйругу менен айырмаланат.