Биз социалдык тармакта

Милиция жана аскер кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт

Декабрь айынан тартып укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын акчалай камсыздоосу жогорулатылат. Бул тууралуу бугүн, 14-октябрда Ички иштер министрлиги билдирди.
Министрлик президенттин 2024-жылдын 18-октябрындагы "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилгенин белгилейт. Ага ылайык, 1-декабрдан баштап кызматкерлердин кызматтык маянасы 10 миң сомго жогорулатылып, ошол эле учурда укук коргоо органдарында жана аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн төлөнүүчү үстөк акылар азайтылат.
"Кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын ай сайынкы акчалай камсыздоосунун өлчөмү ээлеген кызматына, атайын наамына, кызмат өтөгөн жылдарына жана мыйзамдарда каралган башка төлөмдөргө жараша өзгөрөт. Тактап айтканда, кызматка биринчи жолу кабыл алынган, кызмат өтөгөн жылдары жок, атайын алгачкы наам жана кызматтык маалыматтар менен иштегендиги үчүн үстөк акы албаган кызматкердин айлык акысы кеминде 4000 сомго көбөйөт.
Пенсиялык компенсация алууга жетиштүү кызмат өтөгөн жылдары бар кызматкерлердин акчалай камсыздоосу ээлеген кызматына жана кызмат өтөгөн жылдарына жараша 10 миң сомдон ашык өлчөмдө жогорулатылат. Мындан тышкары, кызматтык маянанын жогорулашына байланыштуу эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттардын, кызматтан бошотуу жөлөкпулдарынын жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү да көбөйөт. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн пенсионерлеринин пенсиялары тиешелүү түрдө жогорулатылып, көбөйүү өлчөмү 10 миң сомго чейин жетет",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан