Гватемалада 15 жаштагы Юлейди Икшкотояк аттуу кыз өзүнүн жаназасы учурунда тирилгенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, кыздын абалы таң эрте начарлап, эсин жоготкон. Атасы аны унаасы менен медициналык борборго алып бара жатканда кызынын дем албай калганын байкалган.
"Кыз ооруканага жетпей калган. Атасы аны каза болду деп ойлоп, сөөк коюу кызматтарына кайрылып, табыт алып, кыздын денесин үйүнө алып келген.
Жаназа учурунда чогулгандар табыттын ичинде кыздын кыймылдаганын байкашкан. Ага дароо жардам көрсөтүлгөн. Учурда Юлейди эсине келип, абалы туруктуу",- деп белгиленди маалыматта.