Бүгүн, 14-октябрда кыргызстандык балбан Эрлан Марс уулу АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңди.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 82 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган мелдештен алгачкы медалды Кубанычбек Аринов жеңди. Дүйнө чемпиондугу 18-октябрга чейин уланат.