Бүгүн, 14-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев депутат Эрулан Кокулов менен сүйлөшкөнүн билдирди.
"Кесиптешибиз Эрулан мырза бир-эки сөз айткан экен. Мен ал боюнча өзү менен сүйлөштүм. Ал мени укту. Мен депутаттардын баарын бирдей карайм. Бизде бир дагы өзгөчө депутат жок. Төрага катары депутаттарды бөлүүгө эч качан жол бербейм. Бардыгыңыздар элдин элегинен өтүп келгенсиздер",- деди спикер.
Эске салсак, 7-октябрда Эрулан Кокулов кесиптеши Айсара Абдибаеванын маселеси боюнча үн катып, кезинде аны эч ким коргобогонун айткан. Спикер Марлен Маматалиев Кокуловдон "бардык депутаттарды коргобой койду" деп күнөөлөбөөнү суранган. Бирок Кокулов кайрадан сөз алып, кесиптештерин "жарымы акча менен, жарымы тааныш аркылуу парламентке келишкен" деп айтыптаган.