Чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алып келинген Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, сот отуруму 13-октябрда болуп, судья ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган. Кенжебаевге Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 41-беренесинин 2-бөлүгү, 36-беренеси, 278-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылууда.
Эскерте кетсек, ИИМ Кенжебаев кармалып, өлкөгө алып келингени боюнча маалыматты кечээ, 13-октябрда таратты.