Бүгүн, 14-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков быйыл 10-октябрга карата өлкөдө 1668 чакырым унаа жолуна асфальт төшөлгөнүн билдирди.
Ал быйыл мамлекеттик казынадан жол куруу иштерине 35 миллиард 505 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи.