Токмок шаарында карама-каршы тилкеге чыгып, унаасын аялдамага токтоткон айдоочуга чара көрүлдү. Бул тууралуу кечээ, 13-октябрда ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна чара көрүлүп, протоколдор түзүлдү.
Жол милициясы каршы тилкеге чыгуу жана транспорт каражатын белгиленбеген жерге токтотуу башка айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө коркунуч жаратарын эскертет.