Бүгүн, 14-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында транспорт министринин орун басары Бактылуу Момбеков жол салган подрядчы компаниялардын милдеттери тууралуу маалымат берди.
"Жолду салууда анын сапатына техникалык кароо жүргүзүлөт. Андан тышкары, мамлекеттик көзөмөл да бар. Жаңы салынган жолго беш жылдык кепилдик коюлат. Ал эми оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн жолго үч жылдык кепилдик коюлат. Эгерде жол кепилдик учурунда бузулса, анда подрядчы компания өз эсебинен калыбына келтирет",- деди ал.