ИИМдин кызматкери 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, милициянын капитаны К.Р.М. Чүй районунун эки тургунунан мал уурулук фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 60 миң сом талап кылган. Ал кечээ, 3-февралда пара алып жаткан жеринен кармалган.
Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “опузалап пара алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.