Бүгүн, 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт өчүрүүдө колдонулуучу суу чорголорунун алдына унаа токтотпоого жана өрт өчүрүүчүлөргө тоскоолдук жаратпоого чакырды.
Министрликтин маалыматына ылайык, суу чорголору өрт өчүрүү учурунда суу менен камсыз кылат. Ал эми атайын белгилер өрт өчүрүүчүлөргө суу чорголорунун жайгашкан жерин тез табууга жардам берет.