Бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Панфилов паркынын жанында жаңы амфитеатрдын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу мэрия билдирди.
"Мындан ары ар жума жана ишемби күндөрү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бул аянтчада концерттик программалар уюштурулуп, өнөрпоздор менен артисттердин чыгармалары тартууланып турат. Ал эми аптанын калган күндөрү амфитеатр маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө берилет",- деп кошумчаланды маалыматта.