Ош облусунда Ноокат райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлердин иш алып баруусу жана жарандарды кабыл алуу үчүн зарыл болгон шарттар менен камсыздалган.
Белгиленгендей, прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу иштери өлкө боюнча этап-этабы менен улантылууда.