Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 908 274 транспорт каражаты катталганын билдирди.
Ошондой эле Бишкек шаарында транспорттук тыгынды азайтуу максатында бир катар чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. "2026-жылдын сентябрь айынын аягында Бишкек шаарында узундугу 154, 2 чакырымды түзгөн 141 унаа жолунда иштер башталган. Учурда 76 тилкеде 70 чакырым жолду куруу жана оңдоо иштери аяктады",- деди ал.
Мындан тышкары, Чыгыш айланма унаа жолун куруу долбоору ишке ашырылып жатканын кошумчалады.