Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кант диабетин көзөмөлдөөчү жаңы сенсор колдонула баштады. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда аталган борбордун расмий сайты маалымдады.
Маалыматка ылайык, InSensor Anytime жабдыгы манжаны улам-улам тешпестен, ткандар аралык суюктуктагы глюкозанын деңгээлин күнү-түнү көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Аппарат кандагы канттын деңгээлинин өзгөрүшүн байкап, анын жогорулап же төмөндөп кеткен учурларын аныктайт. Ошондой эле тамактануунун, физикалык активдүүлүктүн жана дары-дармектердин глюкозанын деңгээлине тийгизген таасирин талдоого шарт түзөт.
Жаңы ыкма өзгөчө 1-типтеги жана айрым 2-типтеги кант диабети менен жашаган бейтаптар үчүн пайдалуу экени белгиленди.