Бүгүн, 14-октябрда Аймен Касенов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү ушул жылдын 13-ноябрына чейин деп белгиленген.
Эске салсак, өлкөдө президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
Касенов 2020-жылкы президенттик шайлоого да талапкерлигин койгон.