
Күз жана кыш мезгили - сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны салттуу түрдө өсүүчү учур. Оорунун алдын алуунун негизги жолдору -тэмдөөдөн өтүү, гигиена эрежелерин так сактоо, сергек уйку жана көп кыймыл-аракет жасоо. Муну менен катар, туура тамактануу да өзгөчө көмөкчү милдетти аткара тургандыгын иммунологдор билдирет.
Көпчүлүктүн аң-сезиминде сасык тумоодон коргоочу катары калыптанып калган цитрус жемиштери, бал жана имбир сыяктуу азыктардан бөлөк дагы толгон-токой пайдалуу тамак-аштар бар. Алар натыйжалуулугу жагынан жогорудагылардан эч калышпайт жана күз-кыш мезгилинде иммундук системге абадай зарыл болгон витаминдерге, антиоксиданттарга жана минералдарга бай келерин адистер белгилейт.
SUPER.KG порталы иммунолог күз жана кыш мезгилинде рационго кошууну сунуштаган алдыңкы 5 азыктарды тизмектеп көрдү.
1. Кызыл таттуу калемпир (болгар калемпири): С витаминине бай жана организмдин коргонуусуна жардам берүүчү каражат. Кызыл таттуу калемпир курамындагы С витамининин көптүгү боюнча сап башында турган азыктардын катарында. Бул витамин дем алуу жолдорунун былжыр челин коргоочу коллагендин иштелип чыгышына шарт түзөт. Ошондой эле калемпирде клетчатка көп болгондуктан, ал ичеги-карындын микрофлорасын жакшыртууга көмөктөшөт.
Калемпирди бышырарда уруктарын тазалоо зарыл. Анткени андагы катуу клетчатка жана эфир майлары көп өлчөмдө организмге кирсе, ашказанды оорлотуп, ичти көптүрүп же тамак сиңирүүнү бузуп, ыңгайсыздык жаратышы ыктымал.
2. Брокколи: организмди тазалайт жана микроптордон коргойт. Брокколи организмден уулу заттарды чыгарууга көмөктөшүп, А, С жана Е витаминдеринин баалуу булагы болуп саналат. Мындагы А витамини дем алуу жолдорунун былжыр челинин жабыркабай, бүтүн сакталышына жардам берет. С витамини болсо кубаттуу антиоксидант катары организм жугуштуу оорулар менен алышып жаткан учурда бөлүнүп чыккан зыяндуу нерселерди жок кылат. Ошондой эле брокколи клетчаткага абдан бай келет, бул болсо ичеги-карындын пайдалуу бактерияларын чыңдоо үчүн өтө маанилүү.

3. Сабиз: организмде А витаминине айлануучу бета-каротиндин бай булагы. Бул витамин теринин жана былжыр челдердин жакшы абалын сактайт, ал эми С витамини жана башка антиоксиданттар менен биргеликте организмдин коргонуу күчүн чыңдоого жана инфекцияларга туруктуулугун арттырууга
жардам берет. Эске ала турган жагдай майда эрүүчү витаминдердин организмге натыйжалуу сиңиши үчүн сабизди майлуу азыктар, мисалы, өсүмдүк майы, каймак, айран же жаңгактар менен бирге колдонуу зарыл.
4. Клюква: сезгенүү жана бактериялар менен күрөшүүчү табигый каражат. Мөмө сезгенүүнү басуучу күчтүү касиетке ээ жана өзгөчө заара-жыныс жолдорунун саламаттыгы үчүн өтө пайдалуу. Бул мөмө С витаминине гана бай болбостон, анын курамында өтө күчтүү табигый антиоксиданттар да бар. Бул заттар зыяндуу бактериялардын былжыр челге жабышып, көбөйүшүнө бут тосот. Өзүнүн бай антиоксиданттык курамы менен мөмө организмдеги ар кандай сезгенүү процесстерин басаңдатууга жардам берет.
5. Сарымсак: микробдорго каршы кубаттуу каражат. Сарымсак өзүнүн микробдорго каршы касиеттери менен суук тийүүгө каршы эң натыйжалуу беш азыктын катарын толуктайт. Анткен менен, бир жагдайды эске алуу шарт. Сарымсак организмдин иммундук реакциясын абдан күчөтүп жиберет. Ошол себептүү, ден соолугунда айрым көйгөйлөрү бар адамдар ченем менен колдонгону оң.
Жалпысынан эч бир азык адамдын ооруп калбашына кепилдик бербейт бирок, жогоруда аталган азыктарды көп колдонсо алдын алууга болорун дарыгерлер сунуштайт.