Депутат Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы жыйынында Бишкек шаарындагы жол тыгынын азайтуу үчүн 300дөй мектеп автобусун сатып алууну сунуштады.
Анын айтымында, күнүнө 70 миңдей ата-эне жеке унаалары менен балдарын мектепке жеткирет.
"1-4-класска чейин окуучуларды ташый турган 300 мектеп автобусун сатып алсак, жол тыгындары кыскарат",- деп өкмөткө сунуш кылды.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин айтымында, учурда калаага дагы 600-800дөй коомдук транспорт керек.