Интернет желесинде Бишкектин борборунда токтоп турган BMW үлгүсүндөгү унаага мазактоо сөздөрү жазылган сүрөттөр тарады.
Сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, кызгылт көк түстөгү унаанын кузовуна боёк менен "Козёл" жана "Изменил" жана башка жазуулар жазылган.
Унаага ким жана эмне себептен жазып кеткени азырынча белгисиз.