Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевге депутаттардын жеккелигине өтпөөнү эскертти.
"Сиз биздин депутаттарга ушундай жооп берип жатыпсыз. Унутпаңыз, сиз шаардык кеңештин депутаттарынын алдында отурган жоксуз, сиз деген Жогорку Кеңеште отурасыз. Ошондуктан суроолорго так жооп бериңиз. Сизде депутаттын жеккелигине өтүү укугу жок",- деди спикер.
Бүгүн, 14-октябрдагы парламент жыйынында Алиев эл өкүлү Элвира Сурабалдиеванын муниципалдык мүлк жана жерлер боюнча суроосуна жооп берип жатып, "Кудайберген" базары тууралуу кеп кылды. Буга нааразы болгон Сурабалдиева ага жооп берди.