Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облустук регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери рейд учурунда сейрек кездешүүчү жаныбарларды видеого тартып алышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-октябрда өткөрүлгөн кезектеги рейддик иш-чаранын жүрүшүндө облустун тоолуу аймактарында жайылып жүргөн ак илбирс, аркар-кулжа жана тоо текелер байкалган. Министрлик бул жаныбарлар өзгөчө коргоого алынганын жана алардын аймакта коопсуз жайылып жүрүшүнө туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп жатканын белгилейт.
Мындай рейддик иш-чаралар жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, браконьерликке каршы күрөшүү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экологиялык талаптардын сакталышын камсыздоо максатында өткөрүлүп жатканын кошумчалады.