Бишкекте алдамчылыкка шектелип 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда борбор калаанын милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал былтыр август айында жабырлануучуну 6100 долларга сызга отургузуп кеткен. Ал алган акча үчүн эки айындын ичинде арыздануучуга эмеректерди жасап бермек. Бирок убадасын аткарган эмес.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.