Биз социалдык тармакта

Айсара Абдибаеванын мандатын алуу боюнча арыз парламентке тапшырылды (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Айсара Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу боюнча арыз парламентке тапшырылды.

Юрист Адилет Мерканов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, 31 миң 900 адам кол койгон петицияны бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңешке таштаганын айтты.

"Эми Жогорку Кеңеш кандай чечим кабыл аларын күтөбүз. Арыз бардык комитеттерге жана депутаттык топторго даректелди",- деди ал.

Айта кетсек, интернет желесинде Айсаракан Абдибаеваны депутаттык мандатынан ажыратууга кол чогултуу жүрүп жаткан. Абдиева 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында көтөргөн маселеси башка нукка бурулуп кеткенин айтып, буга кызыкдар болгон тараптарды аныктоо боюнча УКМКга кайрылганын билдирген.


Айсаракан Абдибаеванын мандатын алуу боюнча арыз парламентке тапшырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан