Биз социалдык тармакта

Пашинян Армения менен Азербайжанда анклавдар болбошу керектигин айтты

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтыкты камсыз кылуу үчүн эки өлкөнүн аймагында анклавдар жана эксклавдар болбошу керектигин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, эки өлкөнүн чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо Алма-Ата декларациясынын негизинде жүргүзүлүшү керек. Ошондой эле Совет мезгилинен бери калган анклавдар маселесин аймак алмашуу жолу менен чечүү зарыл.

Пашинян тынчтык келишимине кол коюлуп, ал ратификациялангандан кийин Армениянын аймагы 29 миң 743 чарчы чакырым болушу керектигин белгилеген.

Буга чейин Армения бийлиги чек араны тактоодо Азербайжандын аймагындагы Армениянын Арцвашен анклавын жана Армениянын аймагындагы мурдагы азербайжан анклавдарын эске алуу зарылдыгы жаралышы мүмкүн экенин билдирген.

Ал эми Армениянын оппозициясы анклавдарды Азербайжанга өткөрүп берүүгө каршы экенин билдирип келет. Алардын пикиринде, айрым анклавдар аркылуу өлкөнүн Иран жана Грузия менен байланыштырган маанилүү жолдору өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан