Бүгүн, 14-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Бакасов транспорт министринин ишмердүүлүгүн "начар" деп баалады.
"Министр жок экен, бетине эле айтмакмын. Нарында көптөгөн жолдор жасалбай калып кетти. Төрага (ред.: Марлен Маматалиев) өзүңүз билесиз, сизди министрге чалдырткам. Ошондо сизге да, мага да сөз берген. Бирок жол дагы деле баштала элек. Нарын шаарынын жолунун 50 пайызы бүтө элек. Качан бүтөт?",- деди эл өкүлү.
Транспорт министринин орун басары Бактылуу Момбеков жол быйыл жасалып бүтөрүн айтты.